ичик
- Жылуу сырт кийимдин түрү. Атайын иштетүүдөн (ашатылуу, өңдөлүү, ийленүү ж.б.) өткөн жаныбардын (көбүнчө илбирс, карышкыр, кашкулак, сүлөөсүн, түлкү ж.б.) терилеринен жүнүн ичине каратып, сыртын калың, бышык материя менен тыштап, ошол эле териден чоң жака салып тигилет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырдан бөрү, түлкү алып, / Кышында ичик кылсак, деп, / Азаматтар мүлк алып, / Капкан жайып бел- белге, / Тузак койуп булукка, / Шибе кармап уларга, / Чарба баккан элдердин / Эрмеги ушул буларда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түшүп өтөөр бекен, деп, / Жакасынан кол кетпей, / Жаратканга жалынып, / Желбегей ичик жамынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажыбай деген аты бар, / Алган печет каты бар, / Кара сакал жайкалып, / Кундуз ичик, суусар бөрк, / Минген жорго чайпалып, / Хандарыңдан кем эмес, / Катардан калаар эр эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суусар ичик кемчет бөрк, / Оң чекеде кыйшайып, / Ашкере сулуу Айчүрөк, / Чыкты эшикке суйкайып, / Ак кочкордой муңкайып, / Аккулжадай даңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →