ичеги-карын
- Адамдын, жаныбарлардын ичеги, карын сыяктуу тамак сиңирүүчү органдарынын жалпы аты.
- Союлган малдын, жандыктардын тамак катарында желе турган ичегилеринин, карындарынынын жалпы аты. Союлган жандыктардын баш-шыйрагы, ичеги-карды өзүбүз үчүн эң сонун оокат болду (Абдукаримов).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Абакеңдин найзасы, / Көтөндөн кирип кетиптир, / Ичеги-карын аралап, / Как жүрөктөн кечиптир, / Бозчаар аттан Оронгу, / Көмөлөнүп кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Муну алып кайра тартып калганда, Жапаркул мени жолдон чакырып алып, ичеги-карын болуп бир топ немелерди ороп берип үйгө алып кет деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →