иттей
- Ит сыяктуу, итке окшош.
- Кандайдыр бир окуяга, көрүнүшкө ж. б, күчөтүү маанисин берүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
белбоо, / Кебез өтүк Кендирбай, / Аркасында айдары, / Тору айгырдын жалындай, / Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөнү жуткундай, / Жанказандай башы бар, / Жаткан иттей кашы бар, / Сакалы саадак кабындай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтанын сабындай, / Салкыны сырттын желиндей, / Сайышаарга жоо болсо, / Чоңдугу төөнүн нарынд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаткан иттей кашы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →