ителги

китептерде 49 жолу, 8 китепте
  1. Жемин тээп түшүрүп алуучу алгыр куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баштап ханы бир жүргөн, / Баатыры бар элдерден, / Ийменбеген Чигитей, / Эринеби ал чунак, / Ителгидей тийгенден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ирип кетерде, / Найзага найза каңк этип, / Учунда темир жарк этип, / Сайдырбастан найзаны, / Найза менен кагышып, / Бели катуу эрендер, / Адистигин таанытып, / Ителгидей айланып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарданып, / Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун алп, / Таамай найза сайалбай, / Өлүү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…нен таш жарып, / Адырларды аттатып, / Жагалмай болуп тим эле, / Тайаганда бешимге, / Алматынын токойго, / Салып кирип келди эле, / Буудайык хандын Музбурчак, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып, куш салып, / Калдайтып бүркүт кошо алып, / Өңчөй баатыр уландар, / Үч жүзчө жигит котчу алып, / Жүргөн экен токойдо, / Калгандар калды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Нөшөрлөп жааган жаандай, / Ителги тийген таандай, / Имерип айдап чогултуп, / Чогууларын суйултуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →