ит

китептерде 423 жолу, 10 китепте
  1. Адамдар үй, короо кайтартуу үчүн, мергенчиликке алып чыгуу үчүн ж. б. максаттарда пайдалануучу карышкырлар тукумуна кирүүчү үй айбаны.
  2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты.
  3. Жаман көргөндүгүн, жамандыгын билдиргенде, тилдегенде, жекиргенде ж. б. колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени азыр мен эмне кылып жиберейин? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →