ирме
- Көздү тез жуумп-ачуу, кирпик кагуу.
- Колду, канатты серпүү, кагуу, кармалоого, алууга ж.б. аракеттенип сермөө.
- Тээкти, тетикти ж.б. тез басып жиберүү, тартып жиберүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эмне болуп кеттим, деп, / Ачып көзүн ирмесе, / Ак шумкар сындуу сыланган, / Атанын уулу шер турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оодарып жерден алышып, / Олпоктон орун салышып, / Эми кантер экен деп, / Оозуна суудан тамызып, / Эки ирмеп, үч ирмеп, / Кылт дегени билинип, / Бир челекче суу ичип, / Көзүн ачты тирилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ирмеп көзү ачылып, / Ичи куйуп ачынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жай ирмеген күлүмсүрөгөн сүйкүмдүү көзү менен караганда кишинин ичиндеги сырын көрүп тургандай болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →