ириңде
- Ириң пайда болуу, ириң толуу.
- Чылпактоо, чылпак басуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өңү кара көмүрдөй, / Тиши аппак седептей, / Эрди калың төрт эли, / Желкеси агып ириңдеп, / Чачы тармал үксөйүп, / Жаалысы катуу түктөйүп, / Оозун ачып эстенип, / Азуулары шакылдап, / Башына кийген туулга, / Калгандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кар тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көзүнүн жээги ириңдеп, / Жыгылып-кооп баса албай, / Бөкчөйүп бели бүжүрөп, / Кемпир калды бул шаарда, / Түйдөктөшүп сакалы, / Алынбай арка чачтары, / Төрт эли топо каштары, / Чалдар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү кирилдеп, / Көздөрү чылпак ириңдеп, / Кирпиги катып чакыйып, / Сакалдары бириндеп, / Коколорун кысышып, / Жакаларын жыртышып, / Бел боолорун үзүшүп, / Ээктерге сүзүшүп, / Этектерин бөлүшүп, / Ай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →