ирет

китептерде 28 жолу, 10 китепте
  1. Удаалаш, жанаша же тизиле турган кырка, улам кийин жагына кошула берүүчү кезек, кылка-кылка болуп белгилүү бир кезектүүлүктү сактаган катар.
  2. Белгилүү бир ырааттуулук боюнча жайгаштырылган тартип, чачкын же баш аламан түрдө болбостон иреттүүлүктү сактаган абал.
  3. Кандайдыр бир абалдын жөндүү ыгы, шарттуу жагдайы, оңтойлуу учур.
  4. Бир нерсенин катар тартибин, сан-эсебин билдирүүдө «мертебе», «жолу» деген маанилерде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ингендик моңгул жыйылып, / Экинчи ирет барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим айтат мындай деп: / — Мундан мурун эки ирет, / Уйалбай кезек сурадың, / Атам Манас шер үчүн, / Кезекке чыдап турганым, / Кезегиң алып болгондо, / Сен кезекке чыдап турбадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мурдагыдай көп ирет, / Салам айтып Алмамбет, / Салды башын ал үйгө, / Алмамбет үйгө киргенде, / Жалпы турду дүрбөшүп, / Саламга алик алышып, / Апкаарыша калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки ирет серпип алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Хан макул болуп, тогуз жолдун тоомуна баягы аксакал кишинин айтканынын бардыгын куруп, иреттейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →