ирекет

китептерде 5 жолу
  1. дин. Намаз убагында жүгүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Намазды окуп болгон соң, / «Табарикти» жат айтып, / «Жаасын» деген сүрөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өткөрбөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төп-төп окуп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Экөө сүнөт, экөө парз, / Эгем таала пендеден, / Өтпөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Мекеден келген ак теспе, / Седептен кылган чоң тесме, / Жанынан сууруп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →