ирегелеш
- Үйлөрү, турган жерлери бири-бирине абдан жакын, эшиктеш коңшу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бол Орунбай кат жаз — деп, / Кат жазганда бат жаз — деп, / Атамдан калган алтын мөөр, / Айчыгын анык келтирип, / Айагына бек бас — деп, / Карбалас катты жаздырып, / Алтындан мөөрүн бастырып, / Ысыккөлдө ээлеген, / Кыргыз, казак аралаш, / Ирегелеш жердеген, / Баш кишиси Медербек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п канчасы, / Төштүктүн толгон кези экен, / Кымызы дайра суу экен, / Арагы чалкып көл экен, / Аш-тамагы көп экен, / Телегейи тептегиз, / Теңир берген иш экен, / Ирегелеш коңшусу, / Алты жүз үйлүү киши экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атайлап киши чаптырдык, / Арналуу кептен айттырдык: / “Улук болсо Куткарбас, / Сөзгө келсин ушул чак, / Куткарбаска теңелип, / Кол салбайбыз биздин жак, / Ирегелеш эл туруп, / Кол салышсак ушинтип, / Бизден качат дөөлөт-бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ирегелеш бир конгон, / Жайытта малы бир болгон, / Сандыгына зар толгон, / Санаасы сүттөй ак болгон, / Казактан канча хан өткөн, / Кытайдан келген Алмамбет, / Кылымдан а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →