инсан

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Жеке адам (личность).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бул өңдөнгөн инсанды, / Перилер угуп-билбеген, / Баары турду таңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Беттешип тирүү калбаган, / Мен өңдөнгөн нечен жан, / Жакшылык менен жамандык, / Аралаш келет инсанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…и ашаган, / Эсиргенден Жүйрүн дөө, / Азиз хандын Сошойа, / Окуп жүргөн алдында, / Соогасына берем, деп / Алма баш мылтык жасаган, / Өз өмүрүн кастаган, / Тирүү инсан баарысы, / Жаздым болгон баштатан, / Жаздым болбой неткени, / Өзү өмүрүн кастаган, / Ак шамшарды Сошойа, / Кошо алып кеткени, / Калмакка кытай кошулуп, / Азиз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тамактын баарын май кылып, / Бакайдын көөнүн жай кылып, / Чайды ичип болгондо, / Бакай майга тойгондо, / Абыке айтты бул сөздү, / Акылдан чыккан куу сөздү: / “Акылман тууган Каныкей, / Алтымыш арып бул билген, / Алты уруу инсан тил билген, / Арибина салгандыр, / Өлдү деген Семетей, / Тирүү келип калгандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Инсанга керек болуучу, / Жок нерсе мында табылаар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →