ини

китептерде 138 жолу, 10 китепте
  1. Өзүнөн кичүү эркек бир тууган, туугандык жагынан жакын адамдардын кичүүсү.
  2. Жалпы эле өзүнөн кичүүлөргө карата колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Иниңди баккын урматтап, / Кызыңды баккын кымбаттап, / Элиңди баккын туз актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сенден бала төрт экен, / Улуу бала кыз экен, / Уулум Манас өрт экен, / Серек, Сыргак ини экен, / Аркамда иним эки деп, / Ишенери бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро иниң кар болду, / Эки колдун далысын, / Канчоро капыр кескилеп, / Кең дүйнөсү тар болду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Асырап бала ордуна, / Баккан экен инисин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →