индус
- Хинди тилинде сүйлөгөн индия элинин өкүлү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Индустан менен айланып, / Учураган кишиден, / Жолду сурап кеп алып, / Кешмирдеги кыргызды, / Аралап чыкты түз барып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылчайбай Калдык качканча, / Индустан кирип кете албай, / Текси тоо бойлоп жөнөдү, / Улуу ингенге жете албай, / Моңгулдан башка Калдыкка, / Баш калкалаар жери жок, / Башка элге Калдык бата албай, / Коктуга кетти кан Калдык, / Муну мындай таштайлы, / Бекбачанын Көйкапта, / Жомогунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Испандакы Ачакан, / Кайраты артык мыкты жан, / Коросон, Ооган, Индустан, / Булардын эли мактаган, / Бир жүз сексен комдуу нар, / Жонунда жүгү дагы бар, / Ачаканга арналып, / Бермек болгон жайы бар, / Темирбекке Ачакан, / Жээндик жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →