илээш
- Үзүлүп же бөлүнүп калбай желим, чайыр сыяктанып чубалжып созулган, жабышкан абалда болуу.
- Бөлүнүп калбай эптеп-септеп кошо болуу, артында кошо жүрүү.
- Алпурушуп убаралануу, кандайдыр бир иштин артынан түшө алышуу, убара болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буга Чубак илээшип, / Жана кылды кыйланы, / Жанталашып бир кезде, / Чалкасынан кулады, / Жыгылып Макил сулады, / Эр Алмамбет кеп айтат: / — Эреним Чубак, деп айтат, / Кокустан тура калбасын, / Бир балааны салбасын, / Баса калгын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Старчын илээшип айдап алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Арасында пахтанын майдасындай үлпүлдөгөн бирдемелер илээшип жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →