илмек
- Эшикти, дарбазаны ж.б. илип бекитип коюу үчүн ылайыкталып жасалган бир учу иймек илгич.
- Өткөрүлгөн бир учунан тартканда оңой чечилип кете тургандай кылып алкак түрүндө байланган байлоонун бир турү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сөз ичинен сыр тартып, / Икир–чикир арамдык, / Илмегин билет дөө уулу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйкач көзгө көзүң сал, / Илмектүү сөздү эсиңе ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →