илең-салаң
- Араң, эптеп-септеп кыймылдаган, илээлеген абал.
- Ары же бери кылбай, бир тыянак чыгарбай созо берген, көпкө сүйрөгөн абал. Оору.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өккө шүйдүргөн, / Күүгүм жүздүү чунагың, / Ат айабай жүрүптүр, / Сомбилекке жетпесин, / Абыке абдан билиптир, / Кылчайып артын караса, / Кыйалданып Байтерек, / Илең-салаң келаткан: / — Байтерек болбо ыргылжың, / Сен айтканың ырас– чын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →