илек1
- Жүз миң.
- Сансыз, эсепсиз көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондо баатыр шер Манас, / Ачууланып күүлөндү, / Элүү төрт илек кол айдап, / Бейжинге ырас киргени, / Ошондон чатак арбыды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / Баарына кабар салбайбы, / Каңгайдан кошуун кол курап, / Күн батыштан кол сурап, / Дабытай менен Ачакан, / Аз болгондо алты илек, / Көп болгондо алтымыш, / Илекке санын толтуруп, / Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара куназ, казы бар, / Илек – илек, суучулдук, / Көлдө жүрөт шуңгушуп, / Суусунда бар балыгы, / Кайырмага салылуу, / Аз болгондо ар күнү, / Бир илек балык алынуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айкөл шердей зор баштан, / Алмамбет султан жол баштап, / Элүү төрт илек кол баштап, / Түрк уланы келген — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →