илегер1
- Дарыгер, табып, илечил, илим – билимдүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кейитип, / Эртеден кечке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайтып келгенде, / Аттан жулуп алышып, / Алдына көрпө салышып, / Жарага даары чабышып, / Илегерлер чогулуп, / Түрдөп айла табышып, / Уктабай таңды атырып, / Кейипкерин багышып, / Тунарыгы ачылып, / Сүрүп чыкты таңатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саа жолуккан кишинин, / Барлык иши билинди, / Илегер өзү чоң табып, / Эл ичинде киши эле, / Алдында келип ким айтса, / Ошонун кебин ээрчиген, / Ооп бермерээк ит эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көпчүлүктүн ичинен, / Илегерин табышты, / Элүү эмчи чогулуп, / Жарага дары чабышты, / Аш кайнамдын ичинде, / Алп Коңурбай төрөнүн, / Айкырыгын басышты, / Күн санын үчкө жеткирбей, / Айыктырып алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элдин ичи чуу болду, / Илегерлер чогулду, / Тегеректеп турушту, / Эптеп дары куйушту, / Адамдын ичин жарышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →