илгич
- диал. Кур, тогоосу бар кайыш кур.
- Эшикти ичинен илип беките турган же жалпы эле илип бекитүү үчүн ылайыкталган бекиткич, илмек.
- Суу көтөргүч, ийиндегич, апкөч.
- Апкөчтин эки жак башындагы чака иле турган иймек темир.
- Кийимди же жалпы эле бир нерселерди илип коюуга ылайыкталып металлдан, жыгачтан ж. б. жасалган ар кандай илмектүү нерсе.
- Илип коюу үчүн ылайыкталып кийимдин жакасынын желке тушуна тигилип коюлуучу илмеги.
- Алгыр, илгир, шамдагай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.