илгир1
- Алгыр, кыраан.
- Шамдагай, кыймыл-аракети тез, ыкчам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Андан кабар алам, — деп, / Кокустан эле бүлүнсө, / Чоң уйатка калам” деп, / Аттанып чыкты Бактыбай, / Атасындай салт менен, / Алты киши котчу алып, / Колуна илгир куш алып, / Ээрчитип тайган ит алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эшим, Көкүм, Атаке, / Бир тарапта бул үчөө, / Тердикбай, Күчүк, Сатыке, / Бир тарапта бул үчөө, / Ээрчитип тайган ит алып, / Колуна илгир куш алып, / Мойнуна салып жаа алып, / Койон, түлкү, кашкулак, / Ит агытып мындайга, / Өрдөк-чүрөк, кекилик, / Куш салышып андайга, / Бугу-марал, эликке, / Жаа …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жүргөндө Семең коргондо, / Гүлүстөн бирге болгондо, / Жону туйук ылгал нар, / Алтын, күмүш, буйумдар, / Атагы чыккан тулпарлар, / Илгирден кыраан шумкарлар, / Алгырдан кыйын тайгандар, / Баарысы келген Таласка, / Бүгүн Семей, Гүлүс жок, / Ээ болбой жаман Канчоро, / Эми түштү талаанга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эрлигине жараша, / Илгир болгон шумкары.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Илгир болгон Гүлүстөн, / Эрдигине жараша, / Учун жерге түшүрбөй, / Илип кетти караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →