илгертен
- Мурдатан, мурдатан бери, качантан бери, эчактан бери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элебейсиң, билбейсиң, / Илгертен өткөн мындайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аркасынан колбутуп, / Күмүш булак түз керүү, / Жетисуунун жайлоосу, / Жылкы төлдөп жатчу жер, / Илгертен бери мына шо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жакыпка кары кеп айтып: / “Илгертен бери ырымды / Кылып келген,-деп айтып, / Жырык уйга жүк артып, / Жыртык кара үй артып, / Алпарып ташта токойго, / Катыныңды ардантып, / Алып келбей таштап кой, / Ошол жерге саргартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тилегенин жеген кул, / Теңдешип бенде жеңбеген, / Илгертен жайы мына бул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Илгертен бери хандардын, / Кыла турган жолу ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →