илгерки
- Алдыңкы, алдыдагы, алды жактагы.
- Мурунку, өткөн замандагы, мурдагы, байыркы, көп убакыт мурунку.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Шоорук деген хан, — деди, / Хан Каракөз өтүптүр, / Илгерки өткөн убакта, / Азыркы Шоорук ханыбыз, / Хан Каракөз калдыгы, / Ээ боло албай элине, / Бир бөлүмгө арзыбай, / Мунун ичинде бардай ардыгы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Вазир жакшы, хан жакшы, / Катын жакшы эр жакшы” / Илгеркинин дегенин, / Ойума сактап түйгөнмүн, / Минер аттын баарынын, / Тулку бойун күймөлөп, / Туйагынан башкасын, / Баарын күмүш түймөлөп, / Мылтык атса ок өтпөс, / Мил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / — Атамдан артык…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көз жиберип караса, / (Илгеркинин кептери, / Эмикиге тамаша) / Күүсү менен найзанын, / Кулап кеткен бадырек, / Кооп кетип баратат, / Тайанып жерди темтеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →