илгериле
- Алга жылуу, алга жөнөө, алдыга чыгуу, илгери жылуу.
- Өсүү, жогорулоо, ийгиликтерге жетишүү, жакшыруу, алга умтулуу, өркүндөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илгерилеп барабыз, / Издеген киши кез болсо, / Андан артка жанабыз, / Карап көрсө Бекбача, / Бек кыйналган киши экен, / Колдорду туурук кесилип, / Тамандары тешилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Жүр, Каратил, баскын, — деп, / Мен уктум кебиң айттың, — деп, / Атыңды бура тарткын, — деп, / Илгерилей чапкын, — деп, / Коктукаттын коргонун, / Темир капка ачкын, — деп, / Батай, Катай качпасын, / Менин кебим айткын, — деп, / Айтканды кулдар угабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– / Арсаңдап күлүп эр Бакай: / — Ким билет кандай сыры бар, / Илгерилеп кабар ал, - / Аккула минип албырып, / Эки этеги салбырап, / Арка этеги салбырап, / Ат сооруга чабылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзүм кытай уругу, / Бир тайпанын улугу, / Тору айгырчан сен жигит, / Дайнымды уксаң мына ушу - / Эр Алмамбет нээтинде, / Илгерилеп барсам, деп, / Жеткидей болсом тап берип, / Чылбырынан алсам, деп, / Мелжемдүү жылкы-тору айгыр, / Аккула жок жөө жаткан, / Айкөлгө алып барсам, деп, / Жайынча…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →