илгер
- Айла-амалдуу, куулук, арамза, кытмыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Илгертеден бер жакка, / Ишин кудай оңдогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жалгыз жолдун Чаарарча, / Илгертеден бар арча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…асам, / Ачкан курсак болот ток, / Кыргыз баштап кырк арстан, / Кыргыздан чыккан кыйын шок, / Кызыл жолборс барында, / Кылымдын алы келген жок - / Адамдан ашкан илгер, / Айтылуу Бакай кеменгер, / Аркаңда бүгүн мен жалгыз, / Амалыңдан мага бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →