илбээсин

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эти желүүчү бардык жапайы куштар, аңчылык кылына турган жапайы канаттуулар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Илбээсинди бүлдүрдү, / Кайырма менен сонону, / Карчыгага илдирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Карчыгага илдирип, / Илбээсинди бүлдүрүп, / Шумкар салып, куу алып, / Ак сакалдуу карыга, / Тартуу кылып алпарып, / Алып барган азамат, / Айры өркөчтөн төө алып, / Азуусу тутам ат алып, / Бал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ичегиңи чубалтып, / Илбээсин талап жесин деп, / Кабакка сүйрөп салбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тил сүйлөбөс тел болгон, / Кулак укпас кер болгон, / Абакемди Көкмончок, / Буурул атка мингизип, / Күндүзү шумкар салдырып, / Илбээсинди алдырып, / Ушундайча турганы, / Үч ай токсон күн болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →