илбирс

китептерде 52 жолу, 8 китепте
  1. Мышыктар түркүмүнө кирүүчү темгил-темгил тактары бар абдан шамдагай ири жырткыч.
  2. Ушул айбандын терисин жана терисинен жасалган буюмдарды билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолборс чыгат суналып, / Илбирс чыгат чубалып, / Карышкыр чыгат кабышып, / Чөөлөр чыгат каткырып, / Адамдай күлкү салышып, / Көрүнгөн жанды кетирбей, / Такыр атып алышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…орунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет турбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текеси көп экен, / Ысык өтпөй бул элге, / Чечек чыгып чаар болбойт, / Илбирс жүрөт ар жерде, / Эти бышып катпайбы, / Бир кесимден жегенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Бөлүнүп жалгыз урушуп, / Он сегизден жашында, / Капсалаңдын суусундай, / Канды төккөн журтунда, / Баатырларга, баашага, / Баш ийбеген бир күн да, / Качырганы илбирстей, / Кайсаганы жолборстой, / Кадимтен эр атанган, / Касташканы соо болбой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…чүрөк, / Жанжүрбөстүн кызыл кум, / Жайнап жаткан ушул кум, / Шаарына барып сураса, / Ууга кеткен деп угуп, / Кумдун бойу кең токой, / Айбандын кени ал токой, / Илбирс алып, шер алып, / Айры мойун төө алып, / Көкбөрү менен чөө алып, / Күндө айбан көп алып, / Көөн ачып кубанып, / Жетимиш миң колу бар, / Жүргөн экен Куйалы, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →