ил

китептерде 306 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени асуу, асып коюу, кыстарып коюу.
  2. Илгичи бар нерселердин илгичин бекитүү, бекитүү үчүн илгичти өткөрүү.
  3. Шап кармап кетүү, шамдагайлык, тездик менен шап кармап алуу.
  4. Айтылган сөздү, акылкеңешти ж.б. тез түшүнө коюу, кабыл алуу, эске, көңүлгө тутуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ниети кара Каракөз, / Өткөрсө да жөн жүрбөйт, / Баскан-турган жеринен, / Илме-чалма кебинен, / Кишинин баары күмөндөйт, / Колунан келсе Каракөз, / Бактыбайды алмакчы, / Мен алдым деп кыргызды, / Айтып бизге бармакчы, / Ушу бүгүн Каракөз, / Бизден кебин танмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өчөшкөн бала Чигитей, / Өлүгүн илип найзага, / Так көтөрүп муну алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…калап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найза учуна илбесем, / Сейтектин шаарына, / Көтөргөн бойдон кирбесем, / Кутургур атым бекер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →