ийрек1
- Терини өңдөөгө ылайыкталып жасалган орокко окшош, мизи мокок курал.
- диал. Орок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп айкырып кара бет, / Алдындагы сокусу, / Кетүүчүдөй тебелеп: / — Ор, Ийрегим, оргун, — деп, / Орбой койбо муну, — деп, / Чал, Ийрегим, чалгын, — деп, / Чалбай калба аны, — деп, / Кылычтай кылып ирегин, / Жалтылдатып Кубулжан, / Жан жагына каранып, / Жан айабай келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ор ийрегим, курч өгөөм, / Сокум менен сок билек, / Сыйкыр болсо колумда, / Арзан менен Сейити, / Түшпөйт элем колуңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сокуну минип ат кылып, / Көп дубаны жат кылып, / Сок билек менен ор ийрек, / Өнөрүм ошол мага керек, / Апсун окуп үйрөндүм, / Эркимче ойноп жүргөнмүн, / Кененимдин Сейити, / Тар курсагын билбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →