иймен
- Ызат кылып сыйлоо иретинде тартынган мамиле кылуу, адеп сактап айбыккан, ызааттуу мамиледе болуу, уялып жазгануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзасын алып имерип, / Бурут, алың канча, деп, / Бактыбайга жиберип, / Бактыбай андан калабы, / Башын тартып ийменип, / Сексен аршын найзасы, / Бактыбай кайра какканда, / Сынып кетти канчасы, / Асманда учат зырылдап, / Сынган найза барчасы, / Күүлөп алып бу Салбыр, / Сыныгы м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баштап ханы бир жүргөн, / Баатыры бар элдерден, / Ийменбеген Чигитей, / Эринеби ал чунак, / Ителгидей тийгенден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чойун алпка сайдырбай, / Найзасын кагып жиберип, / Кылкараны оң тартып, / Кайта тийди имерип, / Тартынып калар жери жок, / Чойун алптан ийменип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…келип, / Ээ боло албай ашына, / Эми сизге келиптир, / Кара жанга күч келип, / Укмуштуу абам Айдарды, / Катын жазып жиберип, / Үстүңөргө кире албай, / Өзү келип ийменип, / Үйдө калды жаш Айдар, / Жазган катты маа берип, / Абамдын жазган каты, — деп, / Артында бардыр аты, — деп, / Каныкей катты Сыргакка, - / Берди: - Бала, мына…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колундагы булдурсун, / Толгой кармап имерип, / Алдындагы Телкүрөң, / Ооздук тиштеп нидерип, / Сейитим кирип келгенде, / Тапан хан калды ийменип, / Сынап калды Тапан хан, / Сырттанга көзүн жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →