ийинде
- Бир нерсени ийинге салып көтөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койчагыр мылтык ийинде, / Атайын десе Ламаны, / Ок жетер жерде теги эмес, / Жааны күчөп чиренип, / Тартып калды Алыбай, / Койчаптар менен кубалап, / Куураган төөгө жете албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ры алтын түрдөнүп, / Бабасы Манас сүрдөнтүп, / Келген күкүк үндөнүп, / Караса көздөн от жанып, / Каары толуп жүзүнө, / Буттай темир курчанып, / Алма баш мылтык ийинде, / Кыйналган муңдуу эл үчүн, / Калың кыргыз алашка, / Кайрылып салам кош айтып, / Күн батыш көздөй бет алып / Жаш Сейитим баатырдын, / Жөнөгөнүн айталык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каралөктүн ордуна, / Куу инген оонап чамынып, / Ийинде калбай кумурска, / Баарысы чыкты жайылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атагы чыккан ак келте, / Оң ийинде жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү: "Коркуп ийинде жата берип, кантип күн көрөм?..
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →