ийги2
- Курч темирден жасалып, жумуру жыгачтан сапталган, эки жагы ай сымал келген, жыгач усталардын миздүү аспабы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыгыңа күйөйүн, / Суугуңа тоңойун, / Ыдыгыңа чыдайын, / Карым казык болгунча / Башын токмок болгунча, / Бүкчүйүп белим ийгинче, / Тиземе башым тийгинче, / Кызматың болсо кылайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай жылмайып, / Аксакалын жайкалтып, / — Андай болсо Ажыбай, / Кетирип ийгин тургузбай, / Артынан жете баралы, / Адамсыз жерде биз турбай, / Айтканын берсе дайарлап, / Биз кетебиз кеп кылбай, / Кыргыл тийсин балдарым, / Бейбаштыгын кылд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн күлүп кеп айтат: / — Абаке, жаткын сен үйдө, / Мен барайын ал жерге, / Сейтек келер он күндө, / Мен келбесем аңгыча, / Жиберип ийгин издерге, / Семетей ага болбоду: / — Кагылайын, Гүлчоро, / Камап келип жоо турса, / Жатып алсам болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карыганда абаңды, / Семетейдин артынан, / Узатып ийгин Мекеге!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →