изде
- Табуу үчүн аракеттенүү, көрүү, таап алуу максатында кароо, сурамжылоо, дайынын, кабарын билүүгө аракеттенүү.
- Көздөө, артынан түшүү.
- Иликтөө, изилдөө, караштырып, байкаштырып көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтканындай кылышты, / Нурзат бааша тапшырды, / Жинди издеп табышты, / Бекбачага көйнөктү, / Алып келип атайын, / Перилер кайта жанышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чыгымдар болдуң эр издеп, / Байды издесең аркамдан, / Бастырып анан бараарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кырк миң аскер алганбы / Кырымдан издеп калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ордого кирип Керменбай: / — Ачкан колуң жабылды, / Издеген жогуң табылды, / Урумдук келип көчүрүп, / Алган Гүлнар зайбыңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын, – дейт бала.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →