идиш

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Тамак-аш куюп ичүү үчүн, азык-түлүктөрдү сактоо үчүн, ошондой эле ар кандай нерселерди салып коюу максатында колдонулуучу чыны, табак, кап сыяктуу буюмдардын жалпы аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асманда туруп Сумурук, / Сүйлөгөн кеби угулуп: / — Силер кохар салганда, / Силер көрбөс бир кол бар, / Кохарды алып таш салат, / Ошол үчүн идиште, / Кохары жок таш калат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…н май, / Эки башка идиште, / Майлаган буудай куурдак бар, / Жана башка алардан, / Шекер менен балы бар, / Томоргон сары майы бар, / Сары канттан чылаган, / Бир идишке кара чай, / Чайдын аты махошун, / Ичкендин көөнү жай болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Идиштерин жыйганда, / Хандык жолун кылганда, / Алымбайдын Бердике, / Катты сунду ушунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кой келери менен ар кайсы үйдөн идиштерин көтөрүп, бирден-экиден болуп, эрине баскан келиндер чыгып келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Суу берейин, бирок идишим жок, карапачыларга баргында идиш алып келгин, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →