и2
- сүйл. Ошону менен бирге, жана, жана да деген сыяктуу байламталык милдетти аткарууда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— И, энем келди,— деди бизди көрө коюп.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— И, Урманбет келди,— дедим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Башта мындай мен көпкө жүрүп, бир жактан келгенимде: «и, кандай» деп барар замат имерилип, сүйлөшүп калчу Бейшемби бу жолу лам деп сөз каткан жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— И, турган экенсиңдер,— деп тетигиндейден күлүп жаңкы жерде бизге басып келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз туруп басканда дандырдын түбүндө жаткан кара дөбөт «бух» деп калып, кайтып «и, силер белеңер?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →