зөөкүр

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Адептүүлүктү, жалпыга маалим жүрүш-туруш нормаларын бузуп, өзүн ээн баш кармаган, эч негизсиз эле бирөөлөрдү сөгүп-тилдөөдөн, уруп-сабоодон да кайра тартпаган дөгүрсүгөн адепсиз адам, зордук, зомбулук көрсөтүүчү чоң муштум.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Как белиңден бүктөйүн, / Алдыңдагы Акборчук, / Арта салып жүктөйүн, / Кутулдум зөөкүр бир чалдан, / Кудай шүгүр шүк деймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ошол качып кеткен Жоомарт менмин, мени же бузуку, же бир митаам, же бир зөөкүр таап алып ханга алып барып, анын алтынын алып жыргайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Баратканда алдынан зөөкүр чыгып калат да: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →