зыңылда
- Зың-зың эткен дабыш, үн чыгуу, зыңкылдоо.
- Ызылдагандай ичке үн, дабыш чыгуу.
- Зыңкылдап, кеңгиреп ооруу (баштын оорушу жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жан-жаныбар тура албай, / Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →