зыңкылда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Анча катуу эмес зыңгыраган добуш, үн чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жер козголуп калтылдайт, / Алдында минген чабдар ат, / Алоолонуп алкылдайт, / Саадагы сары жез экен, / Көз уйалтып жалтылдайт, / Доолбасы кызыл мис, / Чымын тийсе зыңкылдайт, / Айбалта сабы күмүштөн, / Күн чагылса жылтылдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан чуркурак, / — Эми кайда барасың, / Кыргыздан келген, кызталак?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кызча күлүп шыңкылдап, / Созолонуп бир эрде, / Ырдап кетет зыңкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жер бийледи кылтылдап, / Ырдады Амур зыңкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деп аттын сыдыра басыгы менен акырын гана зыңкылдап өтүп баратат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →