зыңкый
- Катып калуу, тоңуп калуу.
- Зыңгыраган, какайган көрүнүштө болуу, түптүз кыймылсыз абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарашанын таш мойнок, / Майторуну кындыйтып, / Сырнайзаны зыңкыйтып, / Асыл турат күркүрөп, / Анча-мынча кишинин, / Сийдиги агып бүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим деп укканда, / Саргарып өңү бузулуп, / Чечекейдин тамыры, / Кетичүдөй үзүлүп, / Түз карабай шылыйып, / Сүткө тийген күчүктөй, / Жерди тиктеп кылыйып, / Оозу ачылып ырсыйып, / Тышка деми чыгалбай, / Бүткөн бойдо жылуу жок, / Карды көөп дыңкыйып, / Катып калды зыңкыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүмбөдөй болуп зыңкыйган, / Кылжейрен баштап миң келди, / Айтканы түгөл тел болду, / Аңкайып турган эл болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сырнайзасын зыңкыйткан, / Таптаза бойун шыңкыйткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошол кезде карагер атчан, сур кийимдүү зыңкыйган бир солдат төмөнтөн чаап келди да биздин үйгө түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →