зыңк
- Зыңк-зыңк эте ичке чыккан туюк добушту же баштын сайгылаша зыңгырай түшкөнүн билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир убакытта карасаң, / Кол добулбас зыңк этти, / Асманды карай ок кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…борсу жүрөт кашында, / Чар тарапка чакчайып, / Жыт алган тайган баштанып / Атылчуудай комдонуп, / Алуучудай оңдонуп, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Жолборсу турду зыңгкырап, / Күркүрөп доошу башкача, / Жаңырык толгон асманга, / Кабышып кашат солкулдап, / Кулап жатат таштар да.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Камчы менен чапканда, / Мылтык аткан немедей, / Тоо жаңырып зыңк эткен, / Алтындан кылган доолбас, / Кайра байлап капшырып, / Канжыгага тапшырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Маңгыттан чыккан Калдуубет, / Жалындап күйгөн от болуп, / Кастык кылып кыргызга, / Кастарып тигип бул журтка, / Жез барабан зыңк этти, / Качырдым деп Калдуубет, / Айткан болсоң чын кепти, / Коросондук Коромжу, / Коркутту келип бул дагы, / Коромжуга Тынымкан, / Биз бербеске туралы, / Мана…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Кылычы колдон кыңк этип, / Үнү угулуп зыңк этип, / Учуп барып түштү эле, / Алда кайда жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →