зыңгыра

китептерде 40 жолу, 8 китепте
  1. Сыр бербей сыпаа, токтоо болуу, оор басырыктуу, салмактуу жүрүү, зыңкыйган, керилген абалда болуу.
  2. Бийик, керилген, менменсинген көрүнүштө болуу.
  3. Зың-зың эткен, зыңгыр эткен же зыңылдаган ачык дабыш чыгуу.
  4. Зың-зың этип, баш кеңгиреп, сайгылаша ооруду.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ып, / Заар жүзүнө айланып, / Сом темирди артынып, / Чарайнасын тартынып, / Кетелегин кошо алып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Найза колдо зыңгырап, / Айбалта белде кыңгырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Байкап карап көргүлө, / Ойрот зордун кылганын, / Колунда найза зыңгырап, / Белине байлап кылычын, / Чокмор менен балтасын, / Андай темир канчасын, / Алты кырлуу кетелек, / Аны алып энтелеп, / Канча кабат темир тон, / Минген керки чочконун, / Араң басып теңселет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →