зыян
- Бирөөгө кандайдыр бир нерсеге же ишке келтирилген кесепет, залал, бузулууга чыгымга ж.б. кириптер болгондук, тескери таасир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Көнүп алган адам кандай ыпылдатып ылдам тилсе да апийимге зыян келтирбейт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан биз зыяндан башканы көргөнүбүз жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок кээде жаздым болжоп коюп, өзүм зыян тарткан жерлерим да бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Ал эми сенин мындан ары жолуңду айтсам, мына мындай болот: көп күн жол жүргөндөн кийин, жолдун айрылышына кезигесиң: эгер андагы чоң жолго түшсөң, алты ай бою басышың керек, бирок ал жол тынч жана сага зыян кылган эч нерсе болбойт!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор, – деп келин айтса, бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана Жалынды чыгарып алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →