зырпылда
- Тыз эте түшкөндөй, сыздай түшкөндөй сезим пайда болуу, зырп этип сайгылаша түшкөндөй болуу.
- Коркуудан, чочулоодон улам зааркануу сезими пайда болуу, зирилдеп чочулаган, батына албай зиркиреген абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…р, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан немедей, / Азуулары кыйчылдап, / Тура албай калды Көкбөрү, / Асыл менен тең чыдап, / Канча кыйал-ой, санаа, / Акылга келди ошол чак: / “Бир сура…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каракөздөн кеп угуп, / Кара жүз катын Жасанды, / Сен Каныкей деп угуп, / Жүрөгү кагып зырпылдап, / Токтоно албай удургуп, / Жасанды айтат ошондо: / — Хан Каракөз кебимди ук, / Байланып багым жүргөнүм, / Жайсыз жерге жолугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айткан сөздүн сыры бар, / Ар жагында кылтылдап, / Элестеп турат көрүнүп, / Сымаптай болуп жылтылдап, / Татылданын жүрөгү, / Чыдабай турат зырпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тамылжып өңү кызарган, / Билгенге жумуш узарган, / Тал чыбыктай буралган, / Айдары алтын нурданып, / Мингени жорго кылтылдап, / Жылдыздай көзү жылтылдап, / Караанын көрүп арстандын, / Авазир кыздын жүрөгү, / Токтобостон зырпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →