зырп
- Тыз эте түшкөндөй, сыздай түшкөндөй сезимдин пайда болушун, чочуп же коркуп кетүү сезиминин боло калышын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүзүңдү көрө калганда, / Жүрөгүм менин зырп этти, / Козголуп жүрөк чайпалды, / Ким экениң билбеймин, / Атыңды мурун айтпады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— «Чоңкол» деп укканда Элебестин мурунтан үшүгөн жүрөгү зырп эте түшкөндөй болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →