зыркыра

китептерде 167 жолу, 9 китепте
  1. Зыпылдап өтө тез жүрүү, учуу, жүгүрүү, зымыроо.
  2. Зыр-зыр эткен дабыш чыгаруу, зырзыр этүү, зырылдоо, Таң алдында муздак жел Өзөн ылдый урганда Камыштын башы зыркырап («Сейтек»).
  3. Сыздап ооруу, зар какшоо, буркурап ыйлоо, катуу кайгырыпкапалануу.
  4. Зааркануу, жүрөк заада болуу, батына албоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шамал чыгып зыркырап, / Ат туйагы тийген таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Балага келип сайганда, / Сайганын баатыр туйбады, / Отуз барча найзасы, / Каршы-терши кыйрады, / Асманды көздөй зыркырап, / Учуп жатат сынганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Он беши жатты торойуп, / Он беши өлүп кеткенде, / Коросондон оолугуп, / Он беши чыкты жаа тартып, / Жебенин огу зыркырап, / Он беш ок тийди шака-шак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бутумду көрчү абаке, / Тил албай койуп Чубагың, / Тарамышым зыркырап, / Кетип барат чыдамым, / Карылык кылып абаке, / Башын өөдө каратып, / Таштай тур бирден кулжаны, / Бакай барса кулжанын, / Мүйүзү тенде калыптыр, / Көзү менен тумшугун, / Ок учуруп салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →