зыргы
- Октос бере ыргуу, дыр коюу, атырыла тез жүрүү, зыркыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк түпөк кызыл найзаны, / Көпчүлүккө мылгытып, / Найзага кирген немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбек, / Кызык уруш салыптыр, / Кылычтан канын чубуртуп, / Кыргын кылып салыптыр, / Он төрт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кош колдоп туруп койушуп, / Олпокторун булушуп, / Тартып силкип жулушуп, / Сооторун жыртышып, / Буулумдарын кырчышып, / Дембелеп уруп найзаны, / Бирине-бири зыргытып, / Аттан түшпөй урушуп, / Жакалашып тартышып, / Этектерин чойушуп, / Үзөнгү боого басышып, / Аттарын бура тартышып, / Эңишке салып жарышып, / Капталга келсе жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тыңы менен чабалын, / Тебетейдей ыргытып, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Каскактын учун кан кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкаса Сейит болжолун, / Какса чынар эп келбейт, / Колтукка найза сайганга, / Ага Чанак жеткирбейт, / Күүлөнүп Чанак чапканда, / Телкүрөңдү зыргытып, / Чыга берди бир жанга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Белинен кармап зыргытып, / Мелтиреп турат Сейтек, / Мен–менсинген Нүкүрдү, / Бута атым жерге ыргытып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →