зыр

китептерде 45 жолу, 7 китепте
  1. Катуу айлангандагы, аба жара зырылдай чыккандагы дабышты же кыймыл-аракеттин өтө тездигин билдирүүдө колдонулат.
  2. Зырп эткендей, тыз эткендей дүүлүгө түшкөн сезимди билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сыйкыры мыкты Кызылкыз, / Туман болуп түрүлүп, / Бир четинен сүрүлүп, / Куйун болуп бурулуп, / Шамал болуп шуулдап, / Зыркар болуп дуулдап, / Камыш болуп куулдап, / Капчыгай болуп зуулдап, / Алтымыш арып, кырк кыйал, Кызылкыз баарын салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирин бири тиктесе, / Көздөрдөн жалын шыркырап, / Темирден чыккан ширөөдөй, / Жылт-жылт этип чыркырап, / Зыркаар жүрүп эпкиндеп, / Шамал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салта… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыландай сойлоп жыпылдап, / Таңкы желдей зырылдап, / Туйагы тийген кара таш, / Топурактай быркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүп келет керегин ) / Тура калып жалт карап, / Тетенин көрдү караанын, / Өңү кара, тиши ак, / Башкача көрдү баранын, / Сейит тура калганда, / Тарткан жебе зыр деди, / Жебенин арка жагына, / Кош коңгуроо тактырган, / Жер жарылып чур деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Таң агарган маалда, / Таң зыркаары шамалда, / Элге кызмат кылуучу, / Эрендер турбайт мындайда, / Эрен бала Сомбилек, / Келип турду маңдайга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →