зыпылда

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Жеңил, тез кыймыл, катуу чуркоо, ылдам учуу, зымыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балан-пустан дегиче, / Бекбача кепке келгиче, / Көгүчкөн болуп зыпылдап, / Өтө жаман шашылып, / Эки кыз келди ал жерге, / Нурфануга баш уруп: / — Сизге келген жумуштун, / Жайын айтсак угуңуз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айланайын абаке, / Эрикпей жолду караңыз, / Көкөлөп учпай куу өрдөк, / Канатын кагып кыпылдап, / Жер сыдырып зыпылдап, / Түшкүндөй камчынын, / Аркасынан чаң чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көк күлдү кыштап калганда, / Олуйа Кошой эрмекке, / Өрдөккө салган куу кумпай, / Кыпылдаган карчыга, / Алп Төштүк салган кыргоолго, / Кастарлаган куш эле, / Зыпылдаган Кыргыйек, / Бекер кыргый ал эмес, / Букардагы Темиркан, / Көз тийет деп кызыма, / Байлап койчу Кыргыйек, / Каныкейдин жанына, / Жандап жүргүн кызыл пил, / Таам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жанына азык байланып, / Жагалмайдай зыпылдап, / Ташкенди көздөй айланып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
деген кеп ошо, / Ак сакалдуу боз атчан, / Арстандын уулу чунакты, / Таштап кеткен жер ошол, / Күңгөй менен тескейди, / Тайгандар бойлоп кыдырып, / Тоо башынан зыпылдап, / Шамал жүрүп сыдырып, / Тоо аралап киришти, / Учуп-кулап өлбөстөн, / Тайгандар жетип келишти, / Эркин өскөн жетимге, / Бул кудайдын бериши. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →