зындан

китептерде 20 жолу, 5 китепте
  1. Күнөөкөрлөрдү салыш үчүн атайы казылып, түбү бекемделген, оозу бекитилген терең ор, түрмө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир белгисин билдирди, / Элин тарап кеткин, деп, / Көк жору болуп сабалап, / Канатын жыйбай самсаалап, / Шишеге куйган суу кылып, / Чыныкени кошо алып, / Чыныгыш жолго салыптыр / Алууга келбей курбаты, / Гүлкаагы мында калыптыр, / Калган башка байкушту, / Жер зынданга салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адам алгыс ташка ас, / Алмамбет сөөгүн билгизбей, / Адам көргүс жерге кат, / Ысыккөлдү аралап, / Таласыңа жетип бак, / Ырчы, болуп өзүң баш, / Чубактын колу зындан аш, / Белди ашырып жүктөбөй, / Чубактын сөөгүн бекем кат, / Ысыккөл башы Жетөгүз, / Тегеренбей шыдыр бас, / Таласыңа жетип бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буйрук кылып Сейити, / Балбандарга карматып, / Колу-бутун байлатып, / Жетилбайга айдатып, / Алып келип зынданга, / Караңгы жайга каматып, / Эр Сейити чунагың, / Беттешкен жоосун муңкантып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Адил хан Жоомартты зынданга салдырып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →