зымырык
- Жомоктордо айтылуучу касиеттүү куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Майторудан ажырап, / Перинин атын минбеди, / Зымырык берген соогага, / Жеркени баатыр мингени, / Зымырыктын Жеркеси, / Аты менен Бекбача, / Бир четинде жүргөнү, / Канат менен калдаңдап, / Аралап кирди дөөлөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качырда Татыл кара нээт, / Зымырыктын Жеркесин, / Үч жерден таарый атканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ып, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн дөөнү баш кылып, / Кийим кийбес, аш ичпес, / Жоо сайышып ат минбес, / Келбес жайга тапшырып, / Суу пери менен коштошуп, / Зымырык менен достошуп, / Кызыл чапан жайдак төш, / Кызыл мистен там салган, / Кылымда өжөр бул элден, / Гүлкакыдай кушту алып, / Чыңыртып туруп Чыңгышты, / Чыныкени к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →