зымыра

китептерде 34 жолу, 9 китепте
  1. Өтө тез жүрүү, ылдам учуу, тездик менен өтүү, зыпылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жым-жым этип зымырап, / Зоо болуптур Бекбача, / Кара кулка кабылан, / Шер болуптур Бекбача, / Чалкайган жайлоо төрүндөй, / Кең болуптур Бекбача, / Кекенишкен ким болсо, / Кем болуптур Бекбача, / Аркадан шамал айдаган, / Кебездей булут тараган, / Жел болуптур Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска көп жандар, / Коркконунан кобо албай, / Былк этпей жатат кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Козголуп койбойт кыбырап, / Карап турат зымырап, / Көргөн жанды таңдантып, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кез керип найза чунайтып, / Тапакка чокмор чаптырбай, / Телкүрөң менен чубатып, / Оң колтуктан көтөрө, / Сайып өттү Тапакты, / Ат үстүнөн сулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →